19:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте жаш жигитти жөө кишилер өтүүчү жайдан унаа коюп кетти

Бишкектин Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде 22 жаштагы жигитти жөө кишилер өтүүчү жайдан унаа коюп кетти. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти.

Маалыматка ылайык, жигит жолдон өтүп баратканда унаалар токтоп аны өткөрүшкөн, бирок Honda Fit үлгүсүндөгү унаа кыймылын токтотпой аны коюп кеткен.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабырлануучуну ооруканага алып кетти. Күнөөлүүнүн унаасы айып пул төлөөчү жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар