Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор MMA`ден кетти. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына бүгүн жазганын Super.kg сайты маалымдады.
«Достор, бүгүн ММА аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын», — деп жазды Макгрегор.
Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында UFC`нин чемпиондук куру үчүн өткөн беттешинде орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган. Ал жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.