18:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүүгө 125 миллион доллар жумшалышы мүмкүн

Казакстандын борборун Нур-Султан кылып өзгөртүүгө 47 миллиард теңге же 125 миллион доллар керектелиши мүмкүн. Бул тууралуу казакстандык эксперт Александр Разуваев билдирди.

«Борбордун ысымын өзгөртүү оңой жана арзан иш эмес, орчундуу чыгымдар бюджеттин эсебинен жумшалат. Негизги керектөөлөр: жарандарга жаңы документтерди жасоого — болжол менен 80 миллион доллар, жазуулар менен белгилерди дайындоого — болжол менен 25 миллион доллар жана карталарды даярдоого — болжол менен 5 миллион доллар керектелет», — деди Александр Разуваев. 

Анын айтымында, мамлекеттик мекеме-ишканаларды Конституциянын жаңы редакциясы жана мыйзамдары менен камсыздоо үчүн 15 миллион доллар зарыл. Себеби документтердин көбүндө шаар Астана деп аталат. Натыйжада жалпы чыгым 125 миллион долларды түзөт.

Буга чейин Казакстандын Юстиция министрлиги борбордун аты өзгөртүлгөнү менен документтер алмашпай турганын айткан.

23-мартта Казакстан президенти Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар