Аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа-Алайкуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кар көчкү түшүү коркунучу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы, 198-265-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолу, Чапчыма ашуусу, Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолнда болушу ыктымал.