12:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Дарак ыры» кыргыз мюзикли Россияда көрсөтүлөт

Жаш режиссер Айбек Дайырбековдун Борбор Азия боюнча биринчи «Дарак ыры» кыргыз мюзикли Россиянын «Октябрь» кинотеатрында көрсөтүлө баштайт.

Тасма 28-апрелден тарта көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу тасманын режиссеру Айбек Дайырбеков социалдык тармактарда билдирип, кино сүйүүчүлөрдү тасманы көрүп кетүүгө чакырган.

«28-апрелден баштап Россияда «Дарак ыры» кеңири прокатка чыгат. Анын премьерасы Москвадагы «Октябрь» кинотеатрында болгону турат. Билет сатыкка чыкты. Эртерээк алгыла. Кыргыздын атын кино ааламга таанытат. Кыргыз киносу дүйнөнү багынтат!», — деп жазган режиссер.

Белгилей кетсек, өткөн жылы чыккан «Дарак ыры» кыргыз мюзикли бир нече эл аралык сынактарга катышып, баш байге жеңүүчүсү да болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар