03:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Нооруз-2019. 24.kg агенттиги кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктайт

Нооруздун келиши менен жер эне жаңыланып, жаратылыш жанданат. Жер жарылып чөп чыгып, бак-дарактар бүрдөп, гүл ачат.

Элибиз Ноорузду байыртадан бери жакшы маанайда, жакшы тилектер менен тосуп келишкен. Жаман көз, жаман сөздөн алыс болуп, жалаң жакшылыктарга, ырыскы-кутка толгон жылдардан болсун деген аруу ойлорун айтышкан.

24.kg агенттиги кыргызстандыктардын баарын Нооруз майрамы менен куттуктайт! Ар бир үйгө аманчылык, бейкутчулук, бакубат жашоо каалайт! Жамандыктын баары эски жыл менен кетип, жаңырган жыл токчулуктун, ынтымактын жылы болсун! Майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Кут болсун нарктуу болушуң,

Кубанткан элди Ноорузум!

Иш күнү эмес майрам деп,

Тосушту ата-конушуң.

Кут болсун Нооруз келгениң!

Кубанычка толду эл-жерим.

Арбай берсин ар дайым

Ай-ааламга бергениң.

Алас-алас ак колдоп,

Арышы өссүн жергемдин!

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума