03:54
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ӨКМ: Чаткалда кар көчкү түштү

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 88-93-101-чакырым аралыгында кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн.

Мындан тышкары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында көлөмү болжол менен 5 миң куб метрди түзгөн кар көчкү түшүп, жол каттамы жабылган.

Жерине атайын техника тартылып, кечки саат 20:40да Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу бир тараптуу ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар