16:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жеңиш Разаков: Кыргызстан Ворух анклавына эч кандай коридор берген жок

Кыргызстандын Ворух анклавына эч кандай коридор берген жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы боюнча билдирүүсүндө айтты.

Жеңиш Разаков Тажикстан менен түзүлгөн протоколду жарыялоону убадалайт.

«Кийинки жыйын Дүйшөмбүдө 4-5-апрелде өтөт, бул жерде делимитация, демаркация маселелери каралат. Бул жерде кыргыз тараптын кызыкчылыгы каралбай калды деген туура эмес, протокол деле жарыяланат. Эч кандай сыр жок», — дейт ал.

Анын айтымында, Исфара-Ворух жолу боюнча туура эмес билдирүүлөр айтылууда.

«Мен бул жерде белгилеп кетишим керек, Исфара жолдун 1-пункту болсо, Ворух 2-пункт, ортодо бир пункттан экинчи пунктка жетүү үчүн үч жолу Төр-Терек, Таш-Тумшук, Аксай аттуу кыргыз территориясын кесип өтөт. Ошондуктан кээ бир серепчилер коридор берилди деген ойду айтып жатышат. Мен жетекчи катары айтып коеюн, эч кандай коридор, эч кандай статус берилген жок ал жолдорго, Аксайдын сыртынан курулуп жаткан жол — жеңилдик берүүчү кошумча жол, бул жерде бардыгы мыйзам чегинде, биз тараптан да абдан тажрыйбалуу адистер катышты, бардыгын талдап, макулдашып, ушундай чечимге келдик», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар