Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 54-чакырымында 10 гектар аянтта куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылында дагы 6 гектар аянтта куураган чөп жана камыш күйүп кетти. Сокулук районунун Түс айылында 50 чарчы метрде куураган чөп жана 200 түк чөп өрттөндү.
Учурда аталган кырсыктардын эмне себептен келип чыккандыгы такталууда.