Эртең, 19-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим бүгүн кабыл алынды.
«Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматына ылайык, алдыдагы 5 күн катары менен абанын температурасы 8 градустан жогору болот. Ага ылайык, 19-мартта жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт», — деп билдиришти мэриядан.
Эске салсак, 17-мартта мэриянын буйругуна ылайык Ош ЖЭБи жылуулук берүүнү токтотту.