19:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ноокатта турак үй толугу менен өрттөндү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Күңгөй-Кожоке айылында аянты 106 чарчы метр турак үй толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу өрткө себеп болгон.

Эске салсак, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 25 өрт кырсыгы катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар