21:52
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат

Жүргүнчүлөрдү ташуучу Бишкек — Кара-Балта поезд каттамы бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кара-Балта-РЗД-141» темир жолу участкасындагы ондоо иштерине байланыштуу, 23-мартта жүргүнчүлөрдү ташуучу № 6059/6060 жана № 6061/6062 Бишкек — Кара-Балта поезд каттамы убактылуу токтотулат.

24-марттан тарта аталган поезд каттамы белгиленген график боюнча иштеп баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар