USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды

10:18, 01 сентября 2025, Бишкек - 24.kg

Жүргүнчүлөрдүн кайрылуусун эске алуу менен No608/609 «Бишкек-Балыкчы» поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, поезддин жүрүү убактысы жана жүрүү шарттары өзгөргөн жок.

Бирок 5-сентябрда техникалык себептерден улам поезддердин жүрүү графиги өзгөртүлдү:

«Бишкек-2» станциясынан чыгуу — 8.45;

«Балыкчы пляж» станциясына келүү — 13.16;

«Балыкчы пляж» станциясынан чыгуу — 19.26;

«Бишкек-2» станциясына келүү — 23.56.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика