12:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүй облусунун аймагында бир суткада 3 өрт кырсыгы катталды

Чүй облусунун аймагында бир суткада 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва районуна караштуу Петровка айылында 32 чарчы метр бастырма жана 400 түк чөп толугу менен күйгөн. Ошондой эле Аламүдүн районундагыТөмөнкү Ала-Арча айылында кампадан өрт чыкты. Кара-Балта шаарында турак үйдүн 30 чарчы метр аянты күйгөн.

Кырсыкта жабыркагандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар