Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, Ак-Сай-Тамдык жолундагы 2 жай, Ак-Сай жана Төрт-Көчө жабык бойдон турат.
«Ак-Сай аймагындагы жолду биздин жарандар жабышкан, Төрт-Көчөнү тажик тарап жапкан. Учурда тажик кесиптештер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Окуя болгон жерде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жүрүшөт», -деди Уларбек Шаршеев.
Эске салсак, 13-мартта эки мамлекеттин чек арасында чыккан.
Жаңжал Тажикстандын Тожикон айылынын жашоочулары чек араны демаркациялоо иштери аяктаганга чейин Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун токтотууну талап кылгандан кийин башталган.