Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун деңгээли жогорулап жатат. Бул тууралуу «Азаттык» облустук администрациянын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө шилтеме берип билдирди.
2018-жылы өспүрүмдөр жасаган 215 кылмыш катталган. Бул 2017-жылга салыштырганда дээрлик эки эсе көп.
Ошону менен катар өспүрүмдөргө карата зомбулук фактылары да көбөйүп жатканы айтылды. Атап айтканда, 2017-жылы 57, ал эми 2018-жылы 138 учур катталган.
Бийлик өкүлдөрү мындай көрсөткүчтөрдү кылмышты аныктоо иши жакшырганы менен байланыштырууда.