23:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүшү ыктымал.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар