16:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына акыркы сутка ичинде 185 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына акыркы сутка ичинде 185 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 145и жаш балдар.

«Кайрылгандардын 69у ооруканага жаткырылган, алардын 56сы жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 65 адам кайрылса, алардын 29у ооруканага жаткырылып, 36 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Кызамык менен 5 бейтап кайрылып, баардыгы ооруканага жаткырылган», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар