00:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандыктар гепатит В жана Сга акысыз анализ тапшыра алышат

Жашы 18ден жогору кыргызстандыктар В жана С гепатиттерине үй бүлөлүк медицина жана жалпы дарыгердик практика борборлорунда акысыз тест тапшыра алышат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору айтты.

Маалыматка ылайык, тест терс жыйынтыкты көрсөтсө, 23 жаштан жогору адамдарга гепатит Вга каршы бекер вакцина сайылат.

Анализ тапшыруу үчүн атайын даярдык кереги жок. Башка текшерүүлөргө сыяктуу эле кан тапшырууга ач карын келиш керек.

«Гепатит В же С менен ооруган бейтаптар бардык медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын алып келип, врачка каттого турушу зарыл», — деп кошумчалады борбор.

Көпчүлүк учурда гепатит С өнөкөт оорусун дарыласа болот. Үч айдан алты айга чейин созулат. Башкысы, дарылоону кармануу жана врачтын сунуштарын аткаруу керек.

Ал эми гепатит В оорусун айыктырууга көбүрөк убакыт керек (бир нече айдан бир нече жылга чейин, мүмкүн өмүр бою дарылууга туура келет). Бирок кандай болбосун, дарылануу бейтаптын жашоосун жакшыртууга жана боорду цирроз, рак ооруларынан сактоого жардам берет.

Бардык кызыктырган суроолор менен жашаган жери боюнча медициналык мекемелерге кайрылса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар