09:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Талдык айылында жүк ташыган унаанын айдоочусу кырсыкта каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Талдык айылында жүк ташыган унаанын айдоочусу кырсыкта каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алай районунун 26 жаштагы тургуну Хово үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Унаа бир нече жолу оодарылып, экиге бөлүнүп калган. Айдоочу Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, өзүнө келбей каза болду.

Учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.


Эң көп окулган жаңылыктар