13:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү чектелет

«Ново-Южная» подстанциясында оңдоо иштерине байланыштуу, Бишкектин айрым аймактарында суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ичүүчү суу 2-мартта саат 9дан кечки 5ке чейин Лев Толстой, Жунусалиев, Айни жана Чайковский көчөлөрү менен чектеш аймактарда берилбейт.

Ошондой эле, Ленин райондук Аскер комиссариатында, № 55 орто мектепте, «Яшар» ЖЧКда, Гагарин көчөсүндөгү Бишкек жылуулук энерго мешинде, Жер бөлүштүрүү институтунда жана № 5 мончодо суу токтойт.

Эң көп окулган жаңылыктар