Эртең борбор калаанын айрым райондорунда таза суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу саат 9дан кечки 5ке чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата», «Келечек» кичи райондорунда суу токтойт.
Бул күнү № 43 жалпы билим берүүчү орто мектеп иштебейт.