Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун тургуну «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Кулжада бара жатып, рулду башкара албай калган. Натыйжада жолдун ортосундагы тосмону сүзгөн.
Айдоочу кырсык болгон жерден каза болду.