11:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жаңыөзөндө 16 киши кармалды

23-25-февраль аралыгында «коомдук тартипти бузду» деген айып менен 16 киши бештен жети суткага чейин административдик камакка алынды. Бул тууралуу Мангистау облустук прокуратурасы билдирди.

Көзөмөл органдын кабарлашынча, алар коомдук жайларды булгоо, уят сөздөрдү сүйлөө айыбы менен жоопко тартылышты.

Мындан тышкары прокуратура «социалдык, улуттук, этникалык, расалык жаңжалды козутууга» күнөөлөнгөн жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын кошумчалады. Кылмыш кодексине ылайык, бул өңүттөгү мыйзам бузуулар аныкталган учурда 2 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Буга чейин Мангистау облустук полиция департаменти Жаңыөзөндө бийликтен жумуш берүүнү талап кылгандардын айрымдары административдик жазага тартылганы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарган.

Өткөн аптада Жаңыөзөн шаарында ондогон адам нааразылык билдирип, бийликтен айлыгы жакшы иш берүүнү талап кылган. Алар менен жолугушуу үчүн Мангистау облустук прокурорунун орун басары Ержан Турмагамбетов барган. 27-февралда Жаңыөзөндө «Азаттыктын» казак кызматынын баяндамачылары Сания Тойкен менен Санат Нурбековду полиция кармап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби