Жалал-Абад шаарынын тургуну өз үйүнөн чыккан өрттүн кесепетинен көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-февралда ӨКМнын шаардагы бөлүнүмүнүн байланыш түйүнүнө шаардык тургундун үйдүн ичинде кулпуланып калганы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар эшикти ачыып, 1959-жылы туулган С.В.К. аттуу үй ээсинин өрттөн жабыркаган сөөгүн табышкан.
Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн, өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда.