Кипр аралындагы сулуулук салонунун ээси Элида Эмир 9 жыл мурда Кыргызстандан чет өлкөгө жумуш издеп кеткен. Четте ал сүйгөн кесибин аркалап сулуулук салондорунда жергиликтүү айымдарды тейлеп жүрүп, өзүнүн чакан бизнесин ачууга дагы жетишти.
Учурда ал жергиликтүү калктын гана эмес, Кипрде жашаган украин, молдаван, беларусь жана башка кыз-келиндердин башкы сыйкырчысы.
Элида Эмир 24.kg агенттигине чет жердеги ишкердиги, сулуулукка маани берген айымдар жана алдыдагы пландары тууралуу кеп салды.
— Сулуулук чөйрөсүндө канча жылдан бери эмгектенесиз?
— Сулуулук чөйрөсүндө 13 жылдан бери эмгектенем. Алгач бул тармакта 17 жашымдан баштап иштеп баштагам. Мен Бишкектеги Москва шаарынын филиалы Арт-Визаж курсунун чач-тарач, визажист, маникюр, педикюр жана гель тырмак өстүрүү бөлүмүнүн жарым жылдык курсун аяктагам. Андан кийин перманенттик макияж курсун бүтүрдүм. 25 жашымда Түркиянын Стамбул шаарында лазер менен татуировка өчүрүү курсунда окудум. Ошондо бул тармакта көп ишти аткара алам.
— Кипрдин кыз-келиндери өздөрүнө көп убакыт бөлөт бекен? Айрыкча кандай косметологиялык процедураларына жакын?
— Азыркы «Elida Beauty saloon» деген сулуулук салонума ар кайсы улуттун айымдары келип турат. Такай келген кардарларымдын саны арбын. Ар киминин ар кандай талаптары бар.
Түрк-киприоттор боюнча айта турган болсом, алар жасалма кирпик жасатышпайт. Бирок гель менен тырмак узартууга ай сайын келип турушат. Алар өздөрүн өтө жөнөкөй жана нукура алып жүрүшөт. Күндүз макияж жасашпайт. Аралда аба ысык жана өтө нымдуу болгондуктан чачты жандырып, ар кандай жасалгалап жүрүү ыңгайсыз. Андыктан, көбүнчө төбөсүнө түйүп жүргөндөрдү көп көрөм. Жашпы же карыбы айымдарынын дээрлик барынын чачтары узун.
Мен биринчи жолу Кипрге барганда ар дайым өзүмө макияж жасап жүрчүмүн, мени көргөн түрк-киприот айымдар «Элида сен бүгүн бир жакка барасыңбы?», -деп сурай беришчү.
Мисалы, Кыргызстанда кыздар бийик така кийип дүкөн кыдырат. Менин байкоомдо, чет жакта күндүз дүкөнгө баруу үчүн боенуп, жасангандар док. Алар жеңил футболка, джинсы жана жалпак бут кийим кийип жүрө беришет.
Ашыкча боенгон биздин кыздарга күндүз тоналка колдонбой, күндөн коруй турган SPF-factor кремин сүйкөнү сунуштайт элем. Себеби, тоналка теридеги тешикчелерди жаап коет, беттеги тери дем албай бат карыйт.
— Эркектер дагы кайрылабы?
Кипр аралында айымдар сулуулук салондорунда эркек чач тарач усталары иштейт.
Эркектер көбүнчө беттеги кара точкаларды тазалатуу үчүн жана бутундагы тырмагы этине кирип оорутканына байланыштуу педикюр кызматына келишет.
— Сизге кайрылган кардарлардын жаш өзгөчөлүгү кандай?
— Мага көбүнчө 18-55 жаш арасындагы айымдар кайрылышат. Жашы жете элек өспүрүм кыздар апалары менен чогуу салонго келишет. 16-17 жаштагы кыздар той, же өзгөчө бир күн учун профессионалдык макияж, тырмактарын жасатып кетишет. Жашы өтүп калган аялдар көбүнчө чачтарын боеткону келишет.
— Сиздерге кайрылган кардарлардын баарына эле тейлөө көрсөтөсүздөрбү, же чектөө болобу?
— Бизге аллергиясы бар айымдар кайрылганда аларга биринчи тест жасап көрөбүз, же болбосо жеке доктурунан справка сурайбыз. Көбүнчө кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар кайрылышат. Аларга эч кандай нерсе жасабайбыз. Себеби, алардын гормондору отура элек.
— Сиздердин салонго атактуулардан келип кызматтан пайдалангандар барбы?
— Кипрге көбүнчө Түркиянын белгилүү ырчылары концерт койгону келишет. Ошондо визажист керек болуп мени чакырышкан.
Түркиянын белгилүү ырчысы Demet Akalyn жана Ebru Gundes ырчыларына макияж жасагам.
Кипрде 60 жана 70 жаштагы англиялык кары айымдар казинодо кумар ойногону үчүн, чачтарын жасатып кетишет.
Мен Кыргызстанга белгилүү ырчыларга тейлөө көрсөткөн эмесмин. Мекениме ата-энемдин жанына эс алганы гана келем. Бирок, сентябрь айында Англиядагы Манчестер шаарында «Manchester college Beuaty Therapy Studies Diploma Level

