13:49
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиева өзүнө келбей каза болду

Жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиева өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Улуттук ортопедия жана травматология борборунан билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, бейтап бүгүн көз жумду.

«Стилист комада жаткан. Бул күнгө чейин жылыш болгон эмес. Ал олуттуу жаракат алган», -дешти борбордон.

Эске салсак, 17-февралда Лексус үлгүсүндөгү унаа столбаны сүзүп алган. Айдоочу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми жүргүнчү Асел Мамбеткалиева оор абалда ооруканага жаткырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби