19:49
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте жол кырсыгынан бир киши каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан эркек киши каза болду. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы жаранды унаа коюп кеткен. Жабырлануучуну оор абалда ооруканага алып келишкен. Дарыгерлердин айтымында, анын кабыргалары сынып, баш мээси катуу чайкалган.

«Жабырлануучу ооруканада көз жумду», -деп билдирди күбө.

Тартип сакчылары бул тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Эң көп окулган жаңылыктар