Бишкек шаарындагы Тынчтык проспектиси менен Славянск көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан өзбекстандык 2 аял жабыркады. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа эки аялды койдуруп кеткен. Жабырлануучулардын бири 35 жашта, экинчиси 56 жашта.