04:42
USD 89.47
EUR 96.43
RUB 0.97

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Транзиттик мамлекет болууга аракет кылып жатабыз. Мурунку башталган иштердин баары уланууда. «Бишкек-Ош» жолунун — «Кара-Балта-Бишкек» жана «Маданият-Жалал-Абад» участокторун ремонттоо иштери аткарылып жатат, ырааты менен бүтөт. Мындан тышкары ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда», -деди президент.

«Ар бир район борборлорунда жыл сайын 3 чакырымдан кем эмес жолдорун асфальттоо боюнча маселе бар. 2018-жылы бул багытта иш солгундады. Быйыл бул маселе өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар