03:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкүл ата-апа. Келечекке кепилдик, саясый тууганчылык жана колдоо

Өлкөнүн баардык аймактарында болбосо дагы, көпчүлүгүндө «өкүл ата -апа» салты улантылып, азыркы күндө жаңыча мааниге ээ болду. Алтургай саясатта, мамлекеттик башкарууда — «өкүл ата» «өкүл бала» түшүнүгү күч. Анын таасири жана маңызы саясый уюмдун максаттарына тең десек болот. 24.kg агенттиги тууганчылыктын бул формасына токтолду.

«Өкүл ата- өз ата, аман болсун кайыната»

Баш кошкон жаш жубайларга акыл-насаатын айтып, билбегенин үйрөтүп турсун деп өкүл ата менен өкүл апаны шайлашат. Аларга жаштардын башын бириктирип, элдештирип туруу милдети жүктөлөт.

Илгери өкүл ата, өкүл апа кылып үйлөнгөн жаштардын ата-энелери өздөрү тааныган, жакшы мамиледеги, эл алдында кадыр-барктуу, жүрүм-туруму менен үлгү боло турган тажрыйбалуу, көп балалуу үй-бүлөнү дайындашкан.

Ал эми өкүл уул-кызы жетиден ашкандар элге той беришкен. Бул өзүнчө анын кадыр-баркын, мындайча айтканда социалдык статусун көрсөткөн.

«Манас» эпосунда дагы өкүл ата тууралуу айтылган.

«Манастын өкүл атасы Карымбай тууралуу айтылат. Ал ушундай чириген бай болот. Манастын көзү өткөндө Каныкейдин башына кара түн түшүп, турмуштун сыноосуна кабылат. Күндөрдүн биринде уулу Семетей ач калып, берээрге аш калбай калат. Ошол маалда Карымбайдын бир торпогу оттоп жүргөн болот, Каныкей аны союп Семетейдин курсагын тойгузуну ойлот. Бирок, Карымбай ал торпокту бербей коет. Эпосто өкүл атасы Манастын көзү барында гана ага таянып жүргөнү, көзү өткөн соң анын жесири менен баласын шылдыңга калтырып, аларга кордук көрсөткөнү баяндалат. Кыскасы Карымбай начар өкүл ата катары сыпатталган», — дейт манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Дин аалымдары исламда өкүл ата-апа тууралуу түшүнүк жоктугун айтышат. Бирок, диянатчылардын арасында дагы сунуштан баш тартпай, чоң уул-кыздуу болгондору бар.

«Кыргыз коомчулугунда өкүл ата, өкүл бала маселеси туугандашуу үчүн гана коюлат», — дейт дин таанычуу Асан Сайип.

Өкүл атаны ким дайындайт?

Өкүл ата менен апаны көбүнчө ата-энелер балдарына таңдашат. Айрым аймактарда уулун үйлөп жаткан ата-эне тандаса, мисалы Таласта эки тарап тең сунуштайт. Ошентип жаш түгөйлөрдө экиден өкүл ата, апасы болот.

Азыр демилгени жаштар колго алып, өздөрү болочок «ата-энелерин» тандап алганы да жомок эмес. Кээ бирлери колуктудан мурда өкүл атаны «брондоп» коюшкан.

Мисалы, бойдок ырчы Адилет Азимов социалдык тармактагы баракчасына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Карымовду «болочок өкүл атам» деп чыгарганы бар. Бул жылдыз эми үйлөнгөнчө оюнан кайтпай деген ниеттебиз.

«Жаштар өкүл атаны өздөрү тандап калыптыр дегенди укканда абдан таң калгам. Биздикин ата-энебиз тандап туруп коюшкан. Улуулар көптү билип, көрөгөч болот эмеспи, алардын кеп-кеңешин жаштар уга жүрүшсө», — дейт актёр Марат Жанталиев.

Ал эми «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана анын жолдошу маркум Кадыркул Өмүркулов экөөнүн өкүл ата жана өкүл апаны өздөрү тандашкан. Алар белгилүү актёрлор Сабира Күмүшалиева жана Муратбек Рыскуловго уул-кыз болушкан.

«Атабыздын көзү эрте өтүп кеткен, бирок өкүл апабыз менен байланышты өмүрү өткөнчө үзгөн жокпуз. Бизге жакшы кеп-кеңештерин айтып жүрүштү. Бизден башка 5-6 өкүл балдары да бар болчу. Өкүл ата баланын, өкүл эне кыздын сырын угуп, акыл-насаатын айтат. Биздин өкүл ата, апабыз убагында балдардын тушоо той, бешик той жана башка майрамдарда келип төрдө отуруп сыйыбызды көрүп кетишчү», — деп кошумчалады Бүбүсара Рыскулова. Өзүнүн 3 өкүл уул-кызы бар.

Өкүл ата-апалар жок тууганды жоктотпойт

Заманга жараша өкүл ата жана апага талаптар өзгөрдү. Азыр тажрыйба, жаш курагына эмес, социалдык статусуна, байлыгына, бийлигине басым жасагандар да бар.

«Азыр өкүл ата, өкүл апа кылып жаш болсо дагы колунда бар байларды коюшат. Алардын айрымдарынын 30га жакын өкүл балдары бар экенин угуп калам. Мени жеке пикиримде үй-бүлөнүн сырларын жакшы билген, турмушка бышкан тажрыйбасы мол улуу кишилер коюлса жакшы. Анткени, алар жаштарга өз тажрыйбаларынан бөлүшүп, аларга жол көрсөтөт», — дейт Бүбүсара Рыскулова.

Айрым ата-энелер белгилүү үй-бүлөлөр менен туугандашуу жана материалдык колдоо күтүп, бай жана бийлерге өкүлчүлүктү сунуштайт.

Жөнөкөй үй-бүлөлөр өкүл балдарына нике шакек белек кылуу менен чектелсе, байлар энчилеп мал, үй, унаа бергендер да болот.

Мисалы, Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулу Бекболотко өкүл атасы «Райым -миллион» лакап аты бар Райымбек Матраимов 100 миң долларлык унаа белек кылганы айтылган.

«Бир чети колунда бар кишилерди өкүл кылып дайындоонун жакшы жагы бар, жаштарды колдоп кетет. Өкүл деген ортодо эки тарапка бирдей караган өкүлчүлүк дегенди билдирет. Ошол учурда өкүл ата болот деп эле каалаган улуу кишини тандаган да болбойт. Эл алдында кадыр-баркы жогору, элдин алдында үлгүлүү кишилерди коюш керек», — деген пикирде «Сезим» кризистик борборунун жетекчиси.

Өкүл ата — келечекке кепилдик

Өкүл ата менен өкүл балдар кыргыз саясатында өзүнчө күч. Албетте мыйзам жагынан алар жакын туугандардын катарына кирбейт.

Андыктан бир мекемеде да иштей жана финансалык байланыштарын да кенен бекемдей алышат. Мисалы, декларацияда мамлекеттик жана саясый кызматкерлерден өкүл баласынын дагы мүлкүн, киреше-чыгашасын көрсөтүү талап кылынбайт.

Бул боюнча мыйзамдын кемчиликтерине мурдакы премьер-министр Жоомарт Оторбаев көрсөткөн. Ал өкүл баласын тартынбай эле мамлекеттик кызматка тартып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башчысы кылып дайындаган.

Азамат Абдыбеков менин өкүл балам, бирок ал карьерасын менин колдоом жок эле өзү түптөгөн. Биздин мыйзамда өкүл балага карата мамиле боюнча чек жок

Жоомарт Оторбаев

Учурда Азамат Абдыбеков «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы.

Бишкек шаардык кеңештин мурдакы депутаты Жамалбек Рысалиев белгилүү өкүл аталар — саясатка жолдомо деген пикирге кошулбайт.

Ал өзү Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Марат Султановдун өкүл баласы болгону менен, жашоодо «Дордой» ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбековдун жардамы тийгенин белгилейт. Ал эми Марат Султановду ал саясатка аралаша электе, көз-карашына карап суранган.

«Бул сыр эмес ачык эле айта алам. Мен өкүл атамдан кызмат сурап барган да эмесмин. Мени Аскар Салымбеков көтөргөн. Ошол киши «Дордой» ассоциациясына кызматка алып ошол жактан көп жардам алдым. Кызматка болсо «Замандаш» партиясы аркылуу барып жана ошол эле партиядан депутат болдум», — дейт ал.

Бирок, жаштар арасында жардам үмүт кылып тандагандар бар экенин ырастайт.

«Азыр өкүл ата дегендерди колунда бар байлардан жаштарга баш көз болуп акыл айтып, жардам берсе деген тилек менен коюшат. Ошол эле учурда өкүл балдардын арасында идиреги бар тыңдары өкүл атасына жардам берип жүргөндөр да бар. Менде 18 өкүл бала бар. Интернеттен жазып, үйлөнсөм өкүл ата койсом болобу дегендер да болот», — дейт Жамалбек Ырсалиев.

Кыргызстандын алдынкы байларынын бири Аскар Салымбековдун канча өкүл атасы бар экени белгисиз. Бирок, өкүл кыздарынын катарын жакында Гүлзат Мамытбек толуктады. Ал америкалык күйөөсү Хуан Буендиа экөө Аскар Салымбековду тандашты.

«Аскар атам өкүл болгонго чейин эле жардамдашып, идеяларымды, долбоорумду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келген. 2017-жылы өз атам каза болду, ошондон кийин Аскар Салымбеков өз атамдай эле болуп калды. Жолдошума «Аскар Салымбеков жөн гана бай эмес жан дүйнөсү бай, боорукер, Кыргызстанды сүйрөп аткан ушул киши, көп кишинин тагдырын жакшы жагына өзгөрткөн» десем ал өкүл ата кылууга макулдугун берди. Аскар Салымбековдун алдына барып сунушубузду айтканда дароо кабыл алды», -дейт Гүлзат Мамытбек.

Саясый туугандашуу

Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев өкүл баласы Нурканбек Момуналиевди көп эле жөлөп таяды. Ал 2010-2017-жыл аралыгында өкмөттүн аппаратын жана Мамлекеттик кадр кызматын жетектеди.

Өткөндө президент Сооронбай Жээнбековго мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын кызматкери, өкүл баласы Кумар Исаков боюнча даттанышкан. Кумар Исаков өлкө башчысы менен туугандык байланышын четке какты.

Айрым маалыматтарга караганда, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкүл баласы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Эмил Жамгырчиев. Ал 2018-жылы аталган кызматка капитан наамы менен келип, арадан бир жыл өтпөй подполковник болду.

Жогорку Кеңештин депутат Каныбек Иманалиев качып кеткен мурунку өлкө башчы Аскар Акаевдин өкүл баласы. Депутат өкүл атасынын пресс-кызматын жетектегени белгилүү.

Белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев жакында эле уулун үйлөнтүп, көрөгөчтүк менен Таймураска өкүл аталыкка Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Конгантиевди шайлады.

Саясый тууганчылыктын учугу узун. Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабековдун уул-келининин эки өкүл атасы бар — бирөө мурунку президент Курманбек Бакиев, бирөө мурдакы премьер-министр Азим Исабеков. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары генерал Өмүрбек Суваналиев Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Феликс Куловдун өкүл уулу.

Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун экинчи уулу Эрнис «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун өкүл баласы. Өмүрбек Бабанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын дагы өкүл атасы.

Бирок, туугандык байланышка дароо саясый доо кетип, 2017-жылкы президенттик шайлоодо Атамбаев менен Бабанов катуу чатакташа кеткени маалым.

«Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов мурунку премьер-министр Темир Сариевдин өкүл баласы. Тайырбек Сарпашев Улуттук илимдер академиясынын мурунку президенти Абдыганы Эркебаевдин өкүл баласы.

Шоу-бизнестеги «тууганчылык»

Мурда Түркиянын элчилигинен Өзбекстанга жер которгон Ибрагим Жунусовдун 30 өкүл баласы бар. Алардын катарында ырчы Эмил Балтагулов, журналист Эрнист Кыязов, ырчы Майрамбек Осмонов бар.

«Жардамы такыр тийген жок деп айта албайм. Белгилүү бир деңгээлде жардамы тийип турат. Бирок кызматынан пайдаланам деп, өкмөттүк деңгээлдеги жумуштарына аралашпайм, жардам сурабайм. Жардам сурасам жеке үй-бүлөм үчүн сурайм», -дейт ырчы Эмил Балтагулов.

Куудул Тынар Курбаналиевдин 17 өкүл баласы бар, дээрлик баары менен катышат.

«Өкүл балдарга колдон келишинче мал энчилеп берем. Ошондой эле өкүл балдарымдын жардамы дагы көп тиет. Башка райондордо жумуш болгондо өзүм барып отурбай өкүл балдарга дайындап койсом, заматта ишти жайгарып коёт», -деди куудул. Анын учурда 16 өкүл баласы ынтымактуу жашап жатат, бирөө ажырашып кеткен. Куудулдун 2 өкүл атасы бар, бири өзүнүн продюсери болсо, экинчиси МАИ кызматкери.

Ырчы Айбек Карымов менен жубайы Гүланданын өкүл балдарынын саны 20дан ашат.

«Катышып турабыз. Арасынан үчөө чет мамлекетте жашагандыктан катыша албай калдык. Өзүбүздүн өкүл атабыз Молдомуса Конгантиев, апабыз Пазана. Алар бизге моралдык жактан колдоо көрсөтүп келет», -деди ырчы.  Айтмакчы ырчы жакында эле «Фабула» гезитин сатып алып, өкүл атасынын жолу менен саясатка аттануу пландарын билдирди.

Белгилүү ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын өкүл ата, өкүл апасы Урмат Усенов менен Неля. Ал эми бал шириндердин өкүл атасы режиссёр, 5-март ак калпак күнүнүн негиздөөчүсү Рысбек Жабиров. Ырчы Бек Борбиевдин дагы өкүл балдарынын саны бир топ. Алардын сап башында куудул Санжар Бердибеков турат. Ырчы Сайкал Садыбакасованын өкүл апасы Самара Каримова. Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунованын өкүл энеси дизайнер Замира Молдошева. Айгерим Расул кызы менен жолдошу Азаматтын өкүл атасы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов. «Жебе» тобунун солисти Минур Алтынбек уулу келинчеги Жазгүл экөөнүн өкүл энеси «Жебе» тобунун негиздөөчүсү Кенже Дүйшеева.

Бийчи Максат Токтоналиев менен жубайы Азаданын өкүл ата, өкүл энеси Эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиев жана анын жубайы Эльвира Примбердиева. «Ушундай акылдуу, ыймандуу уулдуу да, кыздуу да болуп жатканыбызга кубанып жатабыз. Максат менен Азада биздин экинчи өкүл балдарыбыз» — деп кубанычын жашырган эмес ырчы.

Ал эми ырчы Дайыр Исмадияров бойдок кезинде эле өкүл ата болуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума