Акча которуу системалары аркылуу 2018-жылы 542,2 миллион доллар Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Бул көрсөткүч 2017-жылдагыга салыштырмалуу 90,3 миллион долларга көп.
Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси кабарлагандай, 2018-жылы ошондой эле чет жактагы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион АКШ долларын которду.