Жалал-Абад облусунда ушул жылдын январь айында 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыркы жылдын ушул айында 32 өрт кырсыгы катталган.
Быйыл келтирилген материалдык зыян 3 миллион 254 миң 334 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 3 тонна тоют жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 11 атуул жана 7 миллион 83 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынды.