Ырчы Мирбек Атабеков Толгонай Арзыкеевага продюсер болду. Бул тууралуу Толгонай инстаграмда билдирди.
Ал алдыда чоң пландар бар экенин айтып, «быйылкы жылы буйруса өтө жемиштүү жылдардан болот», — деп жазган.
Толгонай Арзыкеева сүйлөшкөн жигити менен түшкөн сүрөтү менен дагы бөлүшкөн.
Ырчыга күйөрмандары бакыт каалап, жигити продюсери Мирбек Атабековдун кайыниниси экендигин да белгилеп өтүшкөн.

