24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Кандай адамдар ажылыкка бара алат?
Жооп: Ажылык — бул мусулман адамдын беш парзынын бири. Ажылыктын бир нече шарты бар:
мусулман болуу, бойго жетүү, акыл-эси жайында, азаттыктагы киши, жөрөлгөлөрдү аткарууга дени карды соо болушу шарт. Андан тышкары, аял киши жолго өзүнүн күйөөсү, же тууганы менен чыгышы керек.
Ажылыкка акчаны карызга албаш керек. Эгер акчасы жоктуктан ажылык парзын аткара алган эмес болсо, бул үчүн көзү өткөндө сурак бербейт. Эгер, акчага муктаж болгон жакын адамыңа жардам бергендин ордуна ажылыкка барсаң дагы сынга алынасың.