00:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 1 киши каза болуп, 4 жаран ооруканага түштү

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 1 киши каза болуп, 4 жаран ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Прогресс айылындагы унаа жолдо болгон.

«ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун тургуну айдап бара жатып КамАЗ унаасын сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, ошол эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 22 жана 20 жаштардагы төрт киши жаракат алышкан», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар