20:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Новопавловка айылында турак үй толугу менен өрттөндү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган жигиттин колу жана бети күйүп, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер учурда абалы орто экенин билдиришти.

Өрткө жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар