07:52
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, бир киши жабыркады

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Жеңиш жаңы конушунда жыгач устундуу темир менен жабылган үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 85 чарчы метр турак үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар