Ошто жол кырсыгынан 4 окуучу жабыркады. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Хонда Стрим унаасы менен маршрутка сүзүшкөн. Окуя бүгүн саат 8де катталды.
«Кырсык шаардагы Масалиев менен Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерде тартип сакчылары иштеп жатат», -деп билдиришти ОИИБдан.