01:39
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу (74-76, 88-89, 100-115-чак.) жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык (98-123-135-чак.) унаа жолдорунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ ӨКМнин ыкчам тобу тарабынан Чоң-Алай районунун Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргузүлгөн. Иш-чаралар бүгүн улантылат.

Бүгүнкү күнгө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда 1200м3 кар көчкү түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар