04:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутаттарды ипотекалык компаниянын кызматкерлеринин жылдык маянасы таң калтырды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлеринин жылдык маянасы 109 миллион сомду түздү. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Айтымында, 109 миллион сомду компаниянын 41 кызматкерине коротушкан. «Ушундай эле сандагы кызматкерлерге Каржы министрлиги 70 миллион сом коротот», -деди ал.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеевдин айтымында, жогорку айлык финансисттердин жетишсиздигине байланыштуу. «Эффективдүү иш үчүн биз коммерциялык банктардын кызматкерлерин тартууга мажбурбуз. Бизде мыкты финансисттер аз», -деди ал.

Бакыт Шамкеев айына 52 миң сом ала турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар