17:51
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нарын облусу боюнча 42 айылга таза суу системасын куруу каралууда

Нарын облусу боюнча 42 айылга таза суу системасын куруу каралууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышып жатканда билдирди.

Айтымында, бул багытта Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, отчеттук мезгилде 397 миллион 376 миң сом суммасындагы 275 долбоор ишке ашырылды.

«Учурда облустун аймагында улуттук маанидеги ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алып айтсак, быйыл стратегиялык зор мааниси бар Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун курулушу улантылат, Ат-Башы ГЭСинин реконструкциялоосу жүрүүдө, Кара-Кече көмүр кенин натыйжалуу иштетүү боюнча ири инвесторлорду тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ирригациялык объекттердин курулуштары ишке ашырылууда: Жумгал районундагы Баш-Кууганды суу сактагычы бүткөрүлүп, жазында ишке берилет», -деди ал.

Облустун аймагында мектептердин жана башка социалдык обьектилердин курулушу жүрүүдө, ошондой эле ар тармактагы 70ке жаңы чакан ишкана ачылып, 326 жаңы жумушчу орундар түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар