24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Аялым жакында каза болуп калды. Аны жерге бергенден кийин гана, тирилик деп жүрүп махрды төлөбөй калгандыгымды эстедим. Бул биздин никеге таасирин тийгизбейби?
Жооп: Махр төлөө никенин башкы милдеттеринин бири. Анын мөөнөтү гана кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Бирок, аны сөзсүз түрдө аялына төлөп бериш керек. Болбосо нике эсепке алынбайт.
Махр боюнча, Суранын 4 аятында айтылган. Анда; «аялдарга нике алдында белекти бергиле. Кудай ал белектин бир бөлүгүн силерге кайра кайтарат», — деп айтылат.