20:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Суроо-жооп. Букмекерлик ишканалардын иши адалбы?

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Спорттук таймаштарга акча сайып, мелдешке катышса болобу? Букмекерлик ишканалардын исламга көз-карашын билейин дегенмин.

Жооп: Спорттук оюндарга акча сайып мелдешүү — бул казино жана лотерея ойногонго барабар. Ал дагы кумар оюндарына кирет. Куранда кумар оюндары боюнча мынтип айтылат. «Адамды мас кылган ичимдиктер, кумар оюндары, таш ыйыктары шайтандын иши болуп саналат. Алардан алыс болсоңор жакшылыкка жандаш болосуңар» (аль-Маида 5/90).

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума