12:48
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Былтыр мамлекеттик бюджетке түшкөн киреше дээрлик 6 миллиард сомго кем болгон

Былтыр Кыргызстанда 141,5 миллиард сом киреше күтүлгөн, бирок, жыл жыйынтыгында 135,4 миллиард сом киреше алынган. Мамлекеттик бюджетке дээрлик 6 миллиард сом кем түшүп, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов алдын ала белгиленген план салык боюнча 2,3 миллиард сомго, бажы боюнча 1,8 миллиард сомго, трансферттер боюнча 1,9 миллиард сомго, мамлекеттик мүлк боюнча 200 миллион сомго кем аткарылганын эске салып, бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы сунушталганын белгиледи.

«Планды аткаруу боюнча баардык аракеттер жасалды. 141,5 миллиард сом такталган план болчу, тилекке каршы ал аткарылбай калды», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар