00:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чынчыл инвесторлор жемкорлукка аралашкан аткаминерлер менен байланышуудан коркот

Чынчыл инвесторлор Кыргызстандагы жемкорлукка аралашкан аткаминерлер менен байланышуудан кооптонушууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, жемкорлук тармактардын өнүгүшүнө тоскоол болууда.

«Чынчыл иштеген жакшы инвесторлор бар, бирок аларды чочулаткан биздин жемкорлукка малынган аткаминерлер. Инвесторлор жемкорлор менен байланышып өз кадыр-баркын кетиргиси келбейт», -деди Сооронбай Жээнбеков.