3-февралда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленет. Иш-чара баш калаадагы соода борборлорунун биринде болот. Анда коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өткөрүлөт.
24.kg агенттиги шоу-бизнесте жүргөн атактуу айымдардын айрымдарынын жоолук менен түшкөн сүрөттөрүн тизмектеди.
«Кыргыз жери», «Паризат», «Сагындым туулган жер сени», «Айыл кечи» жана башка ырлары менен таанымал Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова белгилүү актер Эгемберди Чалабаев жана комузчу Чолпон Мелисбекова экөөнүн ортосунда жоолукчан сүрөткө түшкөн.
Эмгек сиңирген артист Айчүрөк Иманалива «Укта бөбөк» аттуу ырынын клибине ак жоолук салынып тартылган. Ырчы айымдын «Роза гүлү», «Айыл кечи» аттуу ырлары азыркыга чейин актуалдуулугун жогото элек.
Кыз-Бурак тобунун мурунку мүчөсү, кийин АГК тобунун ырчысы болгон Гүлнара Калдарова «Розалар», «Апакем», «Тумарым» аттуу ырларды аткарат. Анын «Эрке кызым» аттуу чыгармасы тойлордун көркүн чыгарып келет.
Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова дагы ак жоолук салынган сүрөтүн мурда эле жарыялаган. Ал жаш муундарга журналистика тармагында сабак берип, мындан сырткары алып баруучулукту аркалап жүрөт.
Ырчы Айнура Салахидинова «Кусалык», «Чырагым», «Өмүрлөшүмө» аттуу ырлары менен таанымал. Ырчы айым дагы клиптеринин бирине ак жоолук салынып тартылган.
Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова бир канча тасмада роль жаратып, өзүн мыкты актриса катары көрсөтө алды. Ал жергиликтүү тасмаларга гана эмес, чет элдик режиссердун фильмине тартылууга жетишти.
«Назик» бий тобунун тал чыбыктай ийилген кыздары «Эмгек бийин» бийлегенде ар дайым жоолук салынып, үлгүлүү айымдардын образын чагылдырышат.
Кыргыз-шоу бизнесинин жаңылыктарын элге жеткирген, тыпылдаган алып баруучулардын катарында Айзада Жамгырчиева жана Айпери Суранчиева бар. Кыздар жоолукчан сүрөттөрүн социалдык түйүнгө жүктөшкөн.
Аталарынын эрке кыздары, тасмаларда роль жаратып жүргөн ырчылар Айгерим Расул кызы менен Айпери Кубик кызы учурда турмуш жолунда. Жакында эле ырчы Айгерим уулду болуп кубанып турган чагы. Ал эми Айпери Кубик кызы экинчи наристесин күтүп жаткан убагы.
Ата-эне темасына көп кайрылган ырчы Самара Каримова дагы жоолук салынып түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Анын аткаруусунда «Менин атам», «Сагынганда атамды», «Апакем» аттуу ырлары бар.
Ырчылардын клибине көрк кошуп жүргөн модель кыздардын бири ак жоолук салынган Эркеайым Абдуллаева. Ад өткөн жылы белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулуна турмушка чыккан.Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февралда белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

