Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кичинекей балдарды кыргыз тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу маалымат жыйында улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
Айтымында, «Бал тил 1» тиркемеси 3-5 жаштагы балдар үчүн, «Бал тил 2» тиркемеси башталгыч класстын балдары үчүн арналган.
«Тиркемелер сүрөт, анимация, аудио жана логистикалык оюндардан турат. Бул тилди үйрөнүүгө жардамын берет», -деди Назаркул Ишекеев.