12:20
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды

Чүй облусуна караштуу Үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине тез жардам райондук бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Нурматов тастыктады.

Маалыматка караганда, аталган унаа Аламүдүн районун жалгыз тейлеп келген. Окуя кечээ Бишкектеги Москва жана Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Мурдунан кан агып жаткан бейтапты Улуттук госпиталга алып бара жатканбыз. Тез жардам сиренасын күйгүзүп алганына карабай, иномарканын айдоочусу унааны сүздү. Бейтапты ооруканага жеткиргенден кийин тез жардамдын кызматкерлери ооруканага кайрылууга мажбур болушту. Алардын баш мээси чайкалган. Ал эми бейтап жабыркаган эмес», -деди Кубат Нурматов.

Айтымында, абал толук кандуу текшерилгенге чейин 2 унаа тең айып төлөөчү жайга киргизилди. Тез жардам унаасынын бапмери бузулуп, фарасы сынган. Күнөөлүү ремонтко делген акчаны жана дарылануусун төлөп бере тургандыгын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар