Былтыр Кыргызстандын президентинин кол тамгасын жана сүрөтүн сурап 141 чет өлкөлүк жаран кайрылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы президенттин атына каалоо-тилек, ыраазычылык каттар менен 84 жаран, мааракеге, жолугушууга жана башка иш-чараларга чакыруу менен 36 жаран кайрылган. Мындан тышкары жаңы жылга карата белек жана президенттик балатыга чакыруу сурап 916 бала жана жеке кабыл алуусун сурап 269, Аппарат жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 81 жаран кайрылган.
Ошондой эле, 554 жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.
Аталган мезгилде коомдук кабылдамалар аркылуу 1458 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында — 877 (60,1%), Ош шаарында — 581 (41,9%), «ишеним телефондору» аркылуу 1196 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.